Бишкектин негизги аянттарында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды.
Биринчи май райондун сотунун маалыматына ылайык, 21-августтан 30-сентябрга чейин шаардын борбордук аянттарында мамлекеттик иш-чаралардан тышкары тынчтык жыйындарын өткөрүүгө болбойт.
Акция өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу төрт жылдан бери улам узартылып келатат. Алгач мындай тыюу кайра-кайра үч айга узартылып келсе, бул жолу 21-августтан 30-сентябрга чейин деп белгиленди.



