Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүнө суу берүү убактылуу токтотулду

Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүндө авариялык кырдаалга байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда «Бишкексууканал» ишканасынын кызматкерлери таза суу түтүктөрүн жана кудукта жайгашкан диаметри 400 мм болгон түтүкчөдөгү жарака кеткен жерди оңдоодо.

 

Ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты тез арада суу менен камсыздоону калыбына келтирүүгө аракет жасайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.