Бишкектин Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган 168 жарнамалык конструкция демонтаждалды.
Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө рейд жүргүзүлүп, дизайн-коддун талаптарын бузган жарнамалар алынды. Мэрия ишкерлерди жарнама конструкцияларын орнотуудан мурда анын мыйзамдуулугун текшерип, шаардык талаптарды сактоого чакырат.



