Бишкектин түндүк айланма жолунун курулуш иштери 52 пайызга аткарылды

Бишкектин түндүк айланма жолунун курулуш иштери 52 пайызга аткарылды.

 

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Жалпы узундугу 33,4 чакырым болгон жолдун 23 чакырымында учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

 

Долбоор Алматы — Бишкек — Ташкент жана Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт автожолдорунун тилкелерин реконструкциялоону камтыйт. Трасса Бишкектин батышындагы Маловодное айылынан башталып, Кантка чейин созулат. Жаңы жол алты тилкелүү болот.