Бишкектин вице-мэрлери Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, социалдык маселелер боюнча вице-мэрдин милдетин Рахат Мусаева аткарат.
Ал эми жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин аткаруучу Атай Муратбек болду. Ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү департаментинин директору кызматына Жаныбек Орозалиев дайындалды.



