Бюджеттик тармактын айрым кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, маданият, маалымат, спорт, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү тармактарында эмгектенген кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы 20 пайызга көтөрүлөт.
Андан тышкары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кенже тейлөөчү кызматкерлердин коэффициенти дагы 20 пайызга чейин көтөрүлөт. Ошол эле деңгээл Куралдуу күчтөрдө, башка аскер түзүмдөрүнүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн колдонулат.



