Кыргызстанда блогерлер да салык төлөшү керек. Бул боюнча Novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков төмөнкүлөрдү айтып берди:
“Блогерлер боюнча айтып кетсек, көбү мүмкүн көмүскөдө салык төлөбөй жүрүшкөн. Азыркы учурда 1 пайыз деп көрсөтүлгөн. Эң төмөндөтүлгөн шарттар түзүлгөн. Ошондуктан, блогерлер төмөндөтүлгөн ставка менен салыкты төлөй бериши керек”.
Ысабеков кошумчалагандай, блогерлер Креативдүү индустриялар паркына резидент болуп, атайын салыктык режимди же жалпы салыктык режимди тандаса болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



