Боом капчыгайында таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 17-18-апрелде эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу тосулат.

 

Иштер анын 129-132-чакырымдарында жүрөт. Унаа кыймылы бир тараптуу болот. 40 унаадан ашык топтолуп калса, таш түшүрүү иштери токтотулуп, машинелер өткөрүлөт, — дешти ишканадан.