“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, жумуштар бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында жүргүзүлөт.
Иштер аба ырайынын шартына жараша, күндүзгү саат 10дон 4кө чейин аткарылат. Бул убакыт аралыгында жол жарым-жартылай жабылат.



