Боомдо таш түшүрүү иштерине байланыштуу жол жарым-жартылай жабылат

Боомдо таш түшүрүү иштерине байланыштуу жол жарым-жартылай жабылат.

 

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. 13–16-октябрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.  Жумуштар күн сайын эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин аткарылат. Бул убакта жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен кезектешип өткөрүлөт.