Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктаганын жарыялады. Жалпысынан 467 талапкер катталды. Белгилеп кетсек, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.
Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.



