БШКнын жаңы курамынын мүчөлүгүнө талапкерлер көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин комитет отурумунда белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаров Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышев, Бөдөш Мамырова жана Миргүл Темирбаеванын талапкерлигин сунуштаган. Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевдин талапкерлигин көрсөтүштү.

 

Талапкерлердин бешөө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, үчөө парламент аппаратынын мурдагы кызматкерлери. Э

 

ске салсак, буга чейин Садыр Жапаров БШКнын мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана алардын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.