БШК №13 шайлоо округу боюнча 11 талапкерди каттоо чечимин кабыл алды.
Талапкерлердин документтери жумушчу топ тарабынан каралып, бардык талаптарга жооп бере турганы аныкталды.
Эми каттоодон өткөн талапкерлерге атайын күбөлүктөр тапшырылат. Эске салсак, №13 шайлоо округу боюнча парламент депутаттарын шайлоо 1-мартта өтөт. Ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы бузуулардан улам жокко чыгарылган.



