БШК №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

БШК №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Комиссиядан билдиришкендей, шайлоого 7 талапкер жылдырылып, 21 миң 57 добуш берүүчү катышты.

 

Бул тизмеге киргизилген шайлоочулардын дээрлик 17 пайызын түзөт. Добуштардын көбүн — 10 миңден ашыгын — Алтынбек Кылычбаев алды. Ал Жогорку Кеңешке мандатын өз каалоосу менен тапшырган Тазабек Икрамовдун ордуна келет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.