Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүүгө каршы. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, мурдагы чакырылыштын депутаттары шайлоого катышпаганы үчүн шайлоочуларга карата санкциялар жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташкан.
«Айрым өлкөлөрдө мындай практика бар. Бирок БШК буга каршы», — деди Боршайкомдун башчысы.



