Толгонай Токомбаева Республикалык археолого-архитектуралык «Бурана» мунарасынын музей комплексинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейинки директор Анита Шаменова өз калоосу менен кызматтан бошотулган.
Толгонай Токомбаева кесиптик жолун 1998-жылы «Бурана» мунарасынын музейинде илимий кызматкер катары баштаган. 2017-жылдан тартып ЮНЕСКО, USAID жана JICA сыяктуу эл аралык долбоорлорго активдүү катышкан, анын ичинде «Коридоры наследия Шелкового пути», «Защита башни Бурана от антропогенных и сейсмических угроз», «Говорящая керамика», «Аудиогид музея» долбоорлору бар.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



