Быйыл 16 миңден ашык мугалимге жаңы ноутбуктар берилет

Быйыл 16 миңден ашык мугалимге жаңы ноутбуктар берилет.

 

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 16 миң 185 компьютер бөлүштүрүлөт. Буга чейин мугалимдерге 47 миңден ашуун ноутбук берилген:  27 миңден ашыгы 2024-жылы, дагы 20 миңден көбү 2025-жылы тапшырылган. Андан тышкары, быйыл республикалык бюджеттен мектептерге эмерек сатып алууга  67 миллион сом бөлүндү.