Быйыл бүтүрүүчүлөргө кызыл аттестат алуудагы “Алтын тамга” тестирлөөсү жоюлду

Быйыл бүтүрүүчүлөргө кызыл аттестат алуудагы “Алтын тамга” тестирлөөсү жоюлду.

 

Агартуу министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова билдиргендей, буга чейин кызыл аттестат аталган тестирлөөдөн өткөн гана бүтүрүүчүгө берилген. Эми 11 жыл ичинде чейректеринин баары 5 чыккан бүтүрүүчү ала алат.

 

Билимин тастыктоонун кажети жок. Эске салсак, “Алтын тамга” тести 2011-жылы 11-классты жалаң “5” деген баа менен аяктаган окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулган.