Быйыл балдарды 1-2-класска каттоонун башталышы тууралуу алдын ала маалымат берилбейт

Быйыл балдарды 1-2-класска каттоонун башталышы тууралуу алдын ала маалымат берилбейт. Анын ордуна баласынын кайсы мектепке катталганы тууралуу билдирүү ата-энесине уюлдук телефондогу тиркеме аркылуу жиберилет.

 

Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева билдиргендей, эми ата-энелерге электрондук почта ачып же башка маалымкаттарды чогултуунун кажети жок. Балдары бөлүнгөн мектепке баруусун каалабаган ата-энелер бул тууралуу 1-июнга чейин маалымдоого тийиш.

 

Белгилеп кетсек, жаңы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен мектептин босогосун алгачкы жолу аттаган балдардын бир бөлүгү 1-класска, дагы бир бөлүгү 2-класска отургузулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.