Быйыл Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери 9 ири тилкеде жүргүзүлүп, жалпы 7 миң 200 метр жээк корголууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.
Анын айтымында, Чүй дарыясында 124 кооптуу тилке аныкталган. Буга чейин жылына 3-4 жерде гана иштер жүргүзүлсө, быйыл алардын көлөмү кыйла көбөйдү. Министр каржылоо ушул деңгээлде сакталса, көйгөйдү 5 жыл ичинде чечүүгө мүмкүн болорун белгиледи.



