Быйыл Үч-Коргон ГЭСнин №3 гидроагрегаты реконструкцияланат

Быйыл Үч-Коргон ГЭСнин №3 гидроагрегаты реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иштер ушул жылдын март айында башталат. Оңдоп-түзөөнү кытайлык компания ишке ашырат.

 

Үч-Коргон ГЭСи кубаттуулугу 45 МВт болгон 4 гидроагрегаттан турат. Учурда аталган гидроэлектрстанциянын жалпы кубаттуулугу 189 МВтты түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.