Быйыл үч жашка чыга элек балдарга жөлөкпул берүү үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөт

Быйыл үч жашка чыга элек балдарга жөлөкпул берүү үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.

 

Бул документ буга чейин президент Садыр Жапаровдун мартта “Бала ырысы” жөлөкпул берүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу үчүн даярдалган. Жарлыкка ылайык, 1-июлдан тартып 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңдей бала бар.