Быйыл Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод ишке кирет

Быйыл Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод ишке кирет. Энергетика министрлиги билдиргендей, нефтини кайра иштетүүчү ишкананын курулушу учурда 95%га аяктады.

 

Азыркы тапта жети скважинадан нефть чыгарылып жатат. Бүгүнкү күндө 200 тонна мунай өндүрүлдү.

 

Заводду толук ишке киргизүү 2025-жылдын март айына пландаштырылган. Анын алкагында 350-400 жаңы жумуш орун түзүлөт деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.