Быйыл Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 38 миң 915 абитуриент кабыл алынды.
Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 8 миң 222 абитуриент гранттык, 31 миң 30 абитуриент келишимдик негизде билим алат. Белгилеп кетсек, быйыл өлкөдө мамлекеттик деңгээлдеги бир катар ири иш-чаралар өткөнүнө байланыштуу жаңы окуу жылы 15-сентябрдан башталды.



