Быйыл өлкөдө 75 кайра иштетүүчү ишкана пайдаланууга берилет. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы объектилер өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.
Басымдуусу Нарын, Жалал-Абад облустарында жайгашат. Жалпы каржылоо 6 миллиард 203 миллион сомду түзөт. Долбоорлор жеңилдетилген мамлекеттик насыялар, жеке инвестициялар жана эл аралык өнөктөш уюмдардын каржылоосу менен ишке ашууда.



