Быйыл мектептерде мамлекеттик экзамендер болбойт

Быйыл мектептерде мамлекеттик экзамендер болбойт.

Жыйынтык чейректин негизинде чыгарылат. Бул тууралуу 24 агенттигине

мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Мындай чечим коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынды.

Башкармалыктан белгилешкендей, жыйынтык чыгарууда талаш-тартыш жаралса, баалар

көтөрмөлөнөт жана окуучулардын пайдасына чечилет. Эске салсак,

былтыр дагы жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамен жокко чыгарылып,

баалар жыл жыйынтыгы менен коюлган.