Быйыл Ош облусунда 46 трансформатор жаңыланат.
Ош электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, 30 жаңы комплекттүү трансформатордук көмөк чордон орнотулса, 16 эски трансформатор жаңыларына алмаштырылат.
Жаңы жабдуулардын орнотулушу электр тармактарындагы техникалык жоготууларды кыскартууга, жаңы абоненттерди кошууга жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.



