Быйыл Петровка – Нарзан булагы жолунун 7 чакырымы асфальтталат

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка – Нарзан булагы унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзүп, анын 27 чакырымы мурда асфальтталган.

2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.