Быйыл «социалдык келишимдин» негизинде 10 миң адамга 100 миң сомдон берилет

Быйыл «социалдык келишимдин» негизинде 10 миң адамга 100 миң сомдон берилет, учурда анын 9,5 миңи каражат алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, тандоо эки этапта өтөт. Каржылык жардам алчуларды алгач айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары тандайт. Андан кийин райондук деңгээлде акимдин орун басары жетектеген комиссия корутунду чыгарат.

 

«Социалдык келишим» долбоору былтыртан тарта ишке ашырылып жатат. Анын катышуучусуна «Үй-бүлөгө көмөк» же балдардын жөлөк пулун берүү токтотулат.