Быйыл визалар жана бир жолку уруксат берүүдөн түшкөн каражат 5 миллиард сомдон ашты

Быйыл визалар жана бир жолку уруксат берүүдөн түшкөн каражат 5 миллиард сомдон ашты.

 

Бул мамлекеттик бюджетке олутту салым болуп эсептелет, — деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата “Электрондук виза” порталы аркылуу жалпысынан 48 миң 500дөн ашык уруксат катталды. Чет элдик адистер басымдуу учурларда өндүрүш, курулуш, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында эмгектенет.