Быйыл ЖОЖ студенттери үчүн 10 миң гранттык орун бөлүү пландалууда

Кыргызстанда быйыл жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн 10 миң, ал эми колледждер үчүн 4 миң 100 гранттык орун бөлүү пландалууда.

 

Акысыз орундардын көбү болочок мугалимдерге, IT-адистерге жана медицина кызматкерлерине берилет. Токтом долбоорунда көрсөтүлгөндөй, жаңы гранттык багыттар да пайда болот: жасалма интеллект, блокчейн, санариптик укуктар, бизнес-аналитика, кайра жаралуучу энергетика.

 

Артыкчылык техникалык адистиктерге берилет — бардык гранттардын жарымынан көбү ушул багыттарга бөлүнөт.

 

Мындай чечим өлкөгө көп санда жаңы адистер керек болгондугу менен байланыштуу. Айрыкча өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт, байланыш, тейлөө тармагы, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында кадрларга суроо-талап жогору.