
Быйыл жыл башынан бери 11 миңдей чет өлкөлүк жаран чыгарылды.
Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыров билдирди. Анын айтымында, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн дагы 1 миңге чейин чет өлкөлүктү аныктап, чыгаруу иштери жүрүп жатат.
Жумакадыровдун маалыматына караганда, 2026-жылы чет өлкөлүк жумушчулар үчүн квота 100 миңге чейин көбөйтүлгөн. 2027-жылы дагы 20 миңге көбөйүп, 120 миңге жетет.