Быйылкы Курман айт 26 же 27-майга туш келиши мүмкүн. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так дата майрамга жакын аныкталарын билдирди. Курман айт — исламдагы эң негизги майрамдардын бири.
Ал орозо аяктагандан кийин 70 күндөн соң белгиленет. Бул күнү айт намазы окулуп, курмандык чалынат. Эске салсак, Орозо айт 20-мартта өткөн.


