Былтыр өлкөдө 136 миң 568 ымыркайга «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп төрөлгөн.
Эске салсак, «балага сүйүнчү» жөлөк пулу ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү төрт миң сомду түзөт. Ал эми бир учурда үч же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



