Чүйдүн Прогресс айылында 275 орундуу жаңы мектеп салынууда

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда иштердин 45 пайызы аяктады.   Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим алышы үчүн бардык шарттар каралат. Алсак, негизги окуу класстарынан тышкары китепкана, лаборатория, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле спорт зал болот.   Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган объекттин… Кененирээк…

Ош шаарындагы Киров атындагы мектепке 200 орундуу жаңы окуу имараттын курулушу башталды

Ош шаарындагы Киров атындагы мектепке 200 орундуу жаңы окуу имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кошумча имаратта окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлөт.   Курулуш мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган. Мэр Жанарбек Акаев белгилегендей, учурда Ош шаарында жалпысынан 17 мектептин курулушу жүрүүдө.

Кыргызстанда окуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилди

Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылында кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизилди. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бул окуу жайлардын формасына жана статусуна карабастан жайылтылат.   Мындай чечим жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу… Кененирээк…

Быйыл өлкөдө акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтө турганын Агартуу министрлиги эске салды

Быйыл өлкөдө акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтө турганын Агартуу министрлиги эске салды.   Ведомствонун маалыматында аземге карата бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат.   Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт. Адатта акыркы коңгуроо 25-майда… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын формасы өзгөртүүсүз калтырылды

Мектеп окуучуларынын формасы боюнча түзүлгөн жумушчу топ өкмөттүн 2015-жылдагы токтомун өзгөртүүсүз калтырды. Агартуу министрлиги билдиргендей, мындай чечим мугалимдер, ата-энелер, окуучулар жана адистердин пикирин эске алуу менен кабыл алынды.   Маалыматка ылайык, көпчүлүк учурларда ата-энелер балдарына үстү ачык түстө, асты кочкул түстө болгон талапка ылайык мектеп… Кененирээк…

Тоң районунда 98 млн сомго жаңы мектеп курулду

Тоң районунун Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулду.   Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.   Мектепте заманбап окуу класстары, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, лаборатория, балдар жана кыздар үчүн өзүнчө эмгек класстары, жыйындар залы жана бардык… Кененирээк…

Өзгөндө 150 орундуу мектеп курулду

Өзгөн районунун Кара-Такыр айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109,5 млн сомду түздү. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.   Мектеп эки кабаттуу имараттан турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория,… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы ишке кирди

Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы ишке кирди. Эми бардык мугалимдердине, анын ичинде башталгыч класстардын жана STEM-дисциплиналарынын педагогдоруна дагы бирдиктүү эсептөө коэффициенти колдонулат.   Базалык оклад жана ставкалар 60 пайызга жогорулайт.   Андан тышкары, президенттик компенсация төлөмү киргизилет — 15 миң сомдон… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16-май жана 20-майда жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16-май жана 20-майда жүргүзүлөт.   Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоо күндүзгү саат 1ден 5ке чейин Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо администраторлор тарабынан аткарылат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзү 17-майдан 23-майга чейин болот. Тестке кирүү… Кененирээк…

Мугалимдерге 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсация төлөнөт

Мугалимдерге 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсация төлөнөт.   Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдиргендей, ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация берилет.   Белгилеп кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулады.… Кененирээк…