Сот Кадырбек Атамбаевди 4, Темирлан Султанбековду 7 жылга кести

Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенүүгө айыпталып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрүнө өкүм чыгарды.   Маалыматта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев («Бийликти күч менен басып алуу») төрт жылга, Темирлан Султанбеков («Бийликти күч менен басып алуу»)… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда квалификациялык экзаменден өтпөгөн 100гө жакын адамга айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда квалификациялык экзаменден өтпөгөн 100гө жакын адамга айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.   Тергөөнүн маалыматына караганда, “Унаа” мекемесинин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери ортомчулар менен сүйлөшүп, күбөлүк берүү үчүн 40 миңден 150 миң сомго чейин алышкан. Кылмыш ишинин алкагында мекеменин… Кененирээк…

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү авиакомпанияларда учуу коопсуздугу боюнча кошумча текшерүүлөрдү баштады

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү авиакомпанияларда учуу коопсуздугу боюнча кошумча текшерүүлөрдү баштады. Бул чечим жакында эле жеке авиакомпаниянын учагы катышкан кырсыктан кийин кабыл алынды.   Аталган компаниянын каттамдары иликтөө толук аяктаганга чейин убактылуу токтотулган. Эске салсак, 7-июлда Бишкек–Ош багытындагы учактын арткы шассиси сынып, борттогу 181… Кененирээк…

Оштун мектептеринде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 382 окуучу аныкталды

Оштун мектептеринде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 382 окуучу аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди. Алардын арасында 9-класстын 92 бүтүрүүчүсү бар. Буга чейин мындай балдарга убактылуу ПИН ыйгарылган.   Акыйкатчынын сунушу менен түзүлгөн жумушчу топтун жыйынтыгында 98 окуучуга документтер тапшырылды. Калган балдардын документтерин тариздөө иштери уланууда.

Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Жамалдинов эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов 2026-жылдын 10-июнуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) камакка алынды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастап, Жамалдиновдун бөгөт чарасы 15-апрелде каралганын билдирди. Президенттин облустагы мурдагы… Кененирээк…

Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды

Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды.   Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, ал мугалимдерге жана башка окуучуларга кол салуу жөнүндө изилдеп жүргөн. Аталган факты боюнча “Террордук акт жасоо коркунучу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал иликтенүүдө.   Атайын кызмат ата-энелерди… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) саламаттык сактоо министринин орун басары С.Р. С. мыйзамга каршы аракеттерге шектелип кармалганын билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына 20-февралдын кечинде жарыяланды. Мекеменин билдирүүсүндөгү инициалдар саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген Сыдыгалиев Рыспек Сулкайдаровичтин аты-жөнүнө туура келет.… Кененирээк…

Өзгөндөгү аламан улакта 27 жаштагы жигит каза болду

Өзгөн районунда өткөн аламан улакта 27 жаштагы жигит каза болгонун Ош облустук милициясы билдирип, кырсыктын чоо-жайын айтып берди. Оюн бүгүн өткөн. Анда улакчы атын сугаруу үчүн баратып, аргымактын буту тайып, экөө тең Яссы дарыясына кулаган. А.И. окуя болгон жерде каза болгон. Факт каттоого алынып, тергөөгө… Кененирээк…

Юстиция министрлиги санариптик маалыматтарды кылмыш ишинде далил катары колдонууга уруксат берүүнү сунуштады

Юстиция министрлиги санариптик маалыматтарды кылмыш ишинде далил катары колдонууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.   Маалыматка ылайык, санариптик журналдар, кат алмашуулар, аудио жана видеожазуулар, файлдар бардык жерде колдонулат, бирок далилдердин өз алдынча түрү катары мыйзамда бекитилген статусу жок.   Министрлик соттор… Кененирээк…

Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн. сом пара менен кармалды

«Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын кызматкери 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди. Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тендердик кызматтардын наркынын 10 пайызын системалуу түрдө талап кылган. Тергөөнүн жыйынтыгында А.К.Ш. аттуу кызматкер пара алып жатканда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.