Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны көбөйдү

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны көбөйдү.   Башкы дарыгер Гулжигит Аалиев билдиргендей, бир суткада 411 бейтап кайрылып, алардын 96сы ооруканага жаткырылган.   Дарыгерлер оорунун күчөшү ноябрдын аягында күтүлүп жатканын билдиришти. Ооруп жаткан учурда коомдук жайларга барбоо, колду тез-тез жууп, өз алдынча дарыланбоо сунушталат.

Саламаттык сактоо уюмдарына 70тен ашык тез жардам унаасы тапшырылды

Өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына 70тен ашык тез жардам унаасы тапшырылды.   Өкмөттөн маалым болгондой, жаңы автоунаалар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган.   Тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен алгачкы медициналык-санитардык… Кененирээк…

Кыргызстанга сасык тумоого каршы дагы 100 миң доза вакцина келет

Бул калкты, айрыкча тобокелдик тобуна кирген адамдарды эмдөөдөн өткөрүүнү улантууга мүмкүндүк бере турганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-2027-жылдардагы эпидемиологиялык сезонго даярдыктын алкагында буга чейин сатылып алынган вакциналар менен тобокелдик тобундагы адамдарды эмдөө аяктады. Жалпысынан дээрлик 64 миң доза вакцина толугу менен… Кененирээк…

Республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу көзөмөлдө

Соңку маалыматка ылайык республикадагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын 3,5 пайыздан 4,7 пайызга чейинкиси сабакка келбей жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алуу максатында мектептерде жана бала бакчаларда балдардын катышуусуна үзгүлтүксүз… Кененирээк…

Сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 10 миң 900 учуру катталды. 2-ноябрдан 9-ноябрга чейинки маалымат менен Саламаттык сактоо министрлиги бөлүштү.   Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 4,4%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Ооругандардын жалпы санынын 71 пайызын… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйө баштагандыктан, дарыгерлер алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырат

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйө баштагандыктан, дарыгерлер алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырат.   Алсак, массалык иш-чараларга барууну чектөө, колду тез-тез жууп, эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу сунушталат. Оорунун алгачкы белгилери байкалса, үйдө калып, дарыгерге кайрылуу керек.   Бул инфекциянын башкаларга… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен жума сайын 7 миңге чейин учур катталууда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен жума сайын 7 миңге чейин учур катталууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул сезондук көрсөткүчкө туура келет, эпидемиологиялык абал туруктуу.   Оорулуулардын саны ноябрдын аягынан мартка чейин көбөйүшү күтүлүүдө.   Бишкекте ооругандардын саны 16 миңден ашышы… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысованын маалыматына караганда, 19–25-октябрь күндөрү ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 15,5 пайызга өскөн.   Алардын дээрлик   69 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.   Оорунун айынан окуучулардын  25 пайызы же… Кененирээк…

Майлуу-Сууда 100 орундуу оорукана курулат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, бул маселе президент Садыр Жапаровдун аймакка иш сапарынын жүрүшүндө талкууланды.   Долбоорду ишке ашыруу шаар тургундарына жана ага чектеш аймактардын калкына медициналык жардам… Кененирээк…

Чүй облустук төрөт үйүнүн жаңыланган имараты ачылат

Чүй облустук төрөт үйүнүн капиталдык оңдоодон өтүп жаткан имараты 1-декабрга чейин пайдаланууга берилет. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда оңдоо иштери аяктоо алдында турат.   Маалыматка ылайык, палаталарга линолеум төшөө жана от казанын газ магистралына туташтыруу иштери калды. Ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө.  … Кененирээк…