Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине шайланды

Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин башчылыгына жалгыз талапкер болду. 11-майда өткөн шайлоого комитеттин 49 мүчөсү катышып, бирөө «каршы» добуш берди. 30 жаштагы Айваз Оморканов Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти. Аны атасы Анвар Оморканов жетектейт.   Улуттук олимпиада комитетин 2024-жылдан бери жетектеп келаткан Үмбөталы Кыдыралиев быйыл март… Кененирээк…

Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине Касымалиев сунушталды

Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Мындай чечимди аталган союздун аткаруу комитети кабыл алды.   Касымалиев бул кызматка жалгыз талапкер болуп саналат. Шайлоо эртең өтөт.   Ошондой эле аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Джохан Ералханов сунушталганы кабарланды.   Эске… Кененирээк…

ФИФА футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын байге фондун 871 млн долларга чейин көбөйттү

ФИФА футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын байге фондун 871 млн долларга чейин көбөйттү. Каражат турнирге катышкан 48 команданын ортосунда бөлүштүрүлөт.   Кирешенин бир бөлүгү дүйнөлүк футболду өнүктүрүү үчүн ФИФАнын 211 мүчө ассоциациясы аркылуу берилет. 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионат 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Турнирге… Кененирээк…

Өлкөнүн хоккей боюнча жаштар командасы Азия кубогунда күмүш медалга ээ болду

Өлкөнүн хоккей боюнча жаштар командасы Азия кубогунда күмүш медалга ээ болду. Бишкекте 18 жашка чейинкилер арасында хоккей боюнча Азия кубогу жыйынтыкталды.   Турнирдин финалында кыргызстандыктар Өзбекстан командасына 2:3 эсебинде утулуп калды. Ал эми III орунду Монголия курамасы алды. Эл аралык турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Индонезия,… Кененирээк…

Бекзат Алмаз уулу Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде экинчи сапка жайгашты

Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак ченинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде экинчи сапка жайгашты. Спортчу жалпысынан 37 миң упай топтогон.   Белгилеп кетсек, Бекзат Алмаз уулу Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү.

Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

  Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты.   Спортчу жакында эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында коло медаль жеңип алган. Натыйжада 6 миң 500 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапка көтөрүлгөн.   27 жаштагы Акматалиев өткөн жылы Азия чемиону, 2022-жылы күмүш байгенин ээси болгон.

Бишкекте хоккей боюнча Азия кубогу өтөт

Бишкек шаарында 27-апрелден 3-майга чейин IIHFтин колдоосу астында хоккей боюнча эл аралык турнир — жаштар командалары арасындагы Азия кубогу өтөт. Бул тууралуу КР Хоккей федерациясы билдирди. Оюндар «Номад Арена» муз аянтында өткөрүлөт. Кубок үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Индия, Индонезия жана Макао (Кытай) курама командалары күч… Кененирээк…

Жыргалаңда эки асма жолдун техникалык ачылышы май айына пландалууда

“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан эки асма жолдун техникалык ачылышы 20-майга пландалууда. Бул тууралуу “Ала-Тоо резорт” ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи фазасында жалпысынан алты асма жол курулат.   Белгиленгендей, аталган жолду Австриялык компания куруп жатат.

Opta суперкомпьютери лондондук “Арсеналды” Чемпиондор лигасынын фаворити деп атады

Opta суперкомпьютери лондондук “Арсеналды” Чемпиондор лигасынын фаворити деп атады. Клубдун турнирде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 38,5 пайызга жетти. Экинчи орунда мюнхендик “Бавария” 33 пайызы менен турат.   Ал эми 19 пайыз менен үчилтикти ПСЖ бекитет. Эске салсак, Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Арсенал” мадриддик “Атлетико” менен ойносо,… Кененирээк…