Дубайда метронун “алтын линиясы” кое берилет

Дубайда метронун “алтын линиясы” кое берилет. Ал 18 станцияны бириктирип, заманбап туннель тармагын түзөт. Метро шаардын 15 негизги райондорунан өтүп, миллиондон ашык тургунду тейлейт.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 9 миллиард доллардан ашат. Метронун “алтын линиясы” 2032-жылы ачылат деп пландалууда.

Эксперттер 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү жүктөмү көп эң аэропорттордун рейтингин жарыялашты

Эксперттер 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү жүктөмү көп эң аэропорттордун рейтингин жарыялашты. Биринчи орунду Хартсфилд–Жексон Атланта эл аралык аэропорту ээледи.   Бул аба майдан аркылуу жыл ичинде    106 миллиондон ашык жүргүнчү өткөн. Экинчи орунда Дубай эл аралык аэропорту, үчүнчү орунда Токио Ханэда аба майданы жайгашты.

АКШда көзү азиз адамдарга жардам берүүчү жаңы робот-иттер иштелип чыкты

АКШда көзү азиз адамдарга жардам берүүчү жаңы робот-иттер иштелип чыкты. Робот колдонуучуну коштоп жүрүү менен гана чектелбестен, айланадагы абалды үн аркылуу баяндай алат.   Система тилдик көлөмдүү моделдерге негизделип, каттамдарды алдын ала сунуштап, жол жүрүү учурунда тоскоолдуктар, бурулуштар жана аралык тууралуу эскертип турат.

Дүйнөдөгү эң чоң круиздик лайнер саякатка даярдалып жатат

Дүйнөдөгү эң чоң круиздик лайнер саякатка даярдалып жатат. Ал биринчи саякатын Майами шаарынан 2027-жылдын августунда чыгат. Кемеде 28 ресторан, 9 бассейн, аквапарк жана рафтинг үчүн атайын жайлар бар.   Муз аренасы жана суу театрынын үстүндө 3 кабаттуу “бак үстүндөгү үй” жайгашат. Эбегейсиз чоң көлөмдөгү лайнер… Кененирээк…

Улуу Британияда 14 миллион доллар утуштагы лотерея билетинин ээси акчасына келген жок

Улуу Британияда 14 миллион доллар утуштагы лотерея билетинин ээси акчасына келген жок. Жыйнтыгында, тиешелүү мөөнөт өтүп кеткендиктен, ал каражатка укугун жоготту деп эсептелет.   Уюштуруучулардын айтымында, табышмактуу миллионерди 1 ай бою издешкен, эми издөө жана күтүү режими жокко чыгарылды. 14 миллион доллар өлчөмүндөгү утуш кайрымдуулукка… Кененирээк…

Мельбурн дүйнөнүн эң мыкты шаары деп аталды

Мельбурн дүйнөнүн эң мыкты шаары деп аталды.   Жыл сайынкы рейтингди Time Out басылмасы жарыялады. Австралиянын калаасы жашыл аймактары, велосипеддик инфраструктурасы, коомдук транспорт, маданият жана ашканасы менен лидерлик позицияда. Экинчи орунда Шанхай шаары, үчүнчүдө Шотландиянын Эдинбург калаасы турат.

Дүйнөдөгү эң сылык өлкөлөр аталды

Дүйнөдөгү эң сылык өлкөлөр аталды. Америкалык компания жүргүзгөн изилдөөлөргө 4 миңден ашык адам катышкан. Биринчи орунда Япония турат. Өлкө көп жылдардан бери урматтоо маданияты жана социалдык гармониясы менен белгилүү.   Экинчи позицияда Канада жайгашат. Сылык мамиле канадалыктардын арасында маанилүү ролду ойнойт. Үчилтикти Улуу Британия бекитет.… Кененирээк…

Жасалма интеллект окумуштуулардын ишинин 90 пайызын аткара алат

Жасалма интеллект окумуштуулардын ишинин 90 пайызын аткара алат. Кеп — код  жазуу, анализ түзүү, изилдөө гипотездерин генерациялоо жана башка ушул сыяктуу илимий жумуштар тууралуу болуп жатат.   Мындай тыянакка АКШдагы институттун окумуштуулары келди. Алардын пикири боюнча, жасалма интеллекттин иши жыл сайын жакшырып, илимдин келечеги кандай… Кененирээк…

Норвегиянын борбору Осло дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаар деп аталды

Норвегиянын борбору Осло дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаар деп аталды.   Daily Mail “Жашыл шаарлар” индексин жарыялады, анда калаалардагы абанын сапаты, жашыл аймактардын, бактардын саны жана экологиялык транспорттун, саясаттын жеткиликтүүлүгү бааланган. Изилдөөлөргө ылайык, Осло дүйнөдөгү эң таза шаар. Экинчи орунда Литванын Вильнюс калаасы жайгашат, үчүнчүдө… Кененирээк…

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск кайрадан планетадагы эң бай адам аталды

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск кайрадан планетадагы эң бай адам аталды. Forbes версиясы боюнча анын капиталы                                839 миллиард долларга жетет.   Экинчи орунда Google негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейдж… Кененирээк…