Cелден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, кечээ, 2-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, аймактагы бир катар айылдарда кооптуу абал жаралды. Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел суусу айрым үйлөргө жана короо-жайларга кирип, 150дөй адам коопсуз жайларга эвакуацияланды.

 

Учурда сел кесепеттерин жоюу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери улантылууда.

 

Нөшөрлөп жааган жаандан улам 1-майда Жалал-Абад облусунда Манас шаарында да сел жүргөн. 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда сел суусу каптаган кээ бир жолдор убактылуу жабылган. Ал эми 29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.