Чүй облусунда 1,3 миллиард сомдук суу сактагыч курулат

Чүй облусунда 1,3 миллиард сомдук суу сактагыч курулат.

 

Адылбек Касымалиев Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу бассейндин курулушуна мезгил кутучасын салды.

 

Ак-Суу дарыясындагы суу сактагычтын көлөмү 4,5 миллион куб метр. Ал ишке кирсе төрт айылдын 6 миң 500 гектар сугат жери суу менен камсыздалат. Андан тышкары, республика боюнча 106 суу сактагыч куруу пландалган.