Чүй облусунда “Көчмөн Сити” турак жай комплекси курулат

Чүй облусунда “Көчмөн Сити” турак жай комплекси курулат. Курулушка капсула салынганын президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

 

Жалпы аянты 20 гектарды ээлеген комплекс заманбап 86 блоктон турат. Аймакта үч мектеп, төрт бала бакча, жашыл эс алуу зоналары жана үч унаа токтотуучу жай болот.

 

Ошондой эле ар бир блокто коммерциялык жайлар каралган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.