Чүй облусунун Байтик айылындагы мектептин оңдоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, имараттын терезе-эшиктери жаңыртылып, канализация жарыктандыруу системалары алмаштырылып, сырткы курулуш-монтаждоо иштери аткарылды. Бул максатта 32 миллион сом жумшалды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



