Чүй облусунун Кемин районунда 3 социалдык объект пайда болду

Чүй облусунун Кемин районунда 3 социалдык объект пайда болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Кайыңды айылында 110 орундуу бала бакча ачылды.

 

Анын курулушу 2020-жылы башталып, жалпысынан 34 миллион сом жумшалды. Кашкелең айылында 10 миллион сомго спорт зал жана 110 бөбөккө чакталган бала бакча пайда болду. Анын курулушуна 28 миллион сом бөлүнгөн.