Чүй жана Талас облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт

Чүй жана Талас облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

 

Ага ылайык, 26-27-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен аталган облустардын дыйканчылык аймактарында аба ырайы -2 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Белгиленгендей, мындай температура жемиш бактарынын бүчүрлөрү, гүлдөгөн жемиш бактары үчүн кооптуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.