Чүйдө көп функционалдуу соода-логистикалык борбордун курулушуна капсула салынды. “Global hub” борбору Аламүдүн районунда жайгашат. Объекттин жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат.
Анда дары-дармек, тез бузулуучу азык-түлүк жана башка продукцияны сактоого ылайыкталган заманбап кампалар, бондалык кампалар болот. Инвестициянын жалпы көлөмү 21 миллион долларды түзөт. Соода-логистикалык борбордо 100дөн ашык жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



