Чүйдө Туюк чакан ГЭСинин курулушу аяктады

Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында Туюк чакан ГЭСинин курулушу аяктады.

 

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо ушул айга пландалууда.

 

Курулуш процессинде заманбап технологиялар колдонулуп, бардык техникалык жана экологиялык талаптар сакталганы кабарланды.