Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери уланууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жумуштун жалпы аткарылыш деңгээли 26,8 пайызды түздү.
Иштер бекитилген графикке ылайык, аткарылууда. Модернизациянын натыйжасында ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 216 МВтка жетет. Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана инфраструктураны жаңылоого багытталган.



