Үч-Коргон ГЭСинде №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, модернизация жумуштары объекттин кубаттуулугун жогорулатуу жана анын иштөө мөөнөтүн узартуу максатында аткарылып жатат.

 

Учурга карата пландалган иштер дээрлик 65 пайызга аяктап калды. Ведомстводон белгилешкендей, модернизациянын негизги максаты — күзгү-кышкы сезонго карата калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.