Үч-Коргон ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын реконструкциясы аяктады

Үч-Коргон ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын реконструкциясы аяктады.

 

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, иштер 2024-жылы башталган. Биринчи гидроагрегат толугу менен жаңыртылып, кубаттуулугу 9 МВты түздү.

 

Учурда экинчи гидроагрегатта модернизация аяктап, ага дагы 9 МВг кубаттуулук кошулду. Калган эки агрегатты реконструкциялоо кийинки жылга пландалды.